www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

02.02.2020: 2-февралда Кыргыз өлкөсүндө 37 түгөй никесин каттатты

Бир кылымда келүүчү “02.02.2020” датасы сүйүшкөндөрдүн арасында чоң популярдуулукка ээ. Жуптар ушул күнү түбөлүктүү бирге болууга бел байлашат. Бул күнү дүйнөнүн булуң-бурчундагы жуптар баш кошуп, үй-бүлө аталышты. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө дагы 02.02.2020 деген сан басылган күбөлүктүн ээси болгон үй-бүлөлөр түптөлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы 2-февралда 37 нике катталганын билдирди. Картинки по запросу "свадьба""

Анын билдиргенине караганда, "Республика боюнча 2-февралга карата 37 нике каттоодон өттү. Алардын 26сы Бишкектеги Бакыт үйүндө, 11и өлкөнүн ар кайсы аймактарында катталды. Белгилей кетсек, нике күбөлүгүн расмий алгандар бир ай мурда арыз таштагандар. Мыйзамга ылайык, каттоого бир ай мурда жазылуу керек", - деп билдирди.Картинки по запросу "свадьба""

Эске салсак, миң жылда бир келген сейрек число жекшембиге-2-февралга туш келди.

2020-жылдын 2-февралында күзгүгө чагылган дата-палиндром түзүлөт. Башкача айтканда сандар эки тараптан тең бирдей окулат.

Астрологдор жана нумерологдор бул датаны энергетикалык потенциалы күчтүү, өзгөчө жана бактылуу болоорун айтышууда. Бул күнү бизге тандоо мүмкүнчүлүгү берилип, тагдырды өзгөртүүгө эшик ачылат. Кийинки жолу мындай күзгү датасы 2021-жылы 12-февралга туш келет (12. 01. 2021), ал эми 21-кылымдагы акыркы дата секириги 2092-жылы 29-февралга (29. 02. 2092) дал келет.Картинки по запросу "свадьба""02.02.2020 датасы сүйүшкөндөрдүн арасында чоң популярдуулукка ээ. Жуптар ушул күнү түбөлүктүү бирге болууга бел байлашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости