www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 2-февралда Өзбекстан президентинин улуу кызы Саида Мирзиёева коомчулукка жаңы түзүлгөн Улуттук масс-медианы колдоо жана өнүктүрүү фондун тааныштырды. Бул тууралуу өзбек басылмалары билдирди.

Маалыма боюнча,  мамлекет башчынын кызы өлкөдө сөз эркиндигинин корголушун, мамлекеттик органдардын ачыктыгын жана журналисттер менен блогерлердин укуктарынын сакталышын камсыздоо үчүн болгон аракетин көрөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, 29-январда президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана байланыш агенттигинин директору Комил Алламжонов менен анын орун басары Саида Мирзиёева өз арыздарынын негизинде кызматтан кетишкен.

Улуттук масс-медианы колдоо жана өнүктүрүү фонду 23-январда коммерциялык эмес уюм катары каттоодон өткөн. Фонддун Камкордук кеңешинин башчылыгына Комил Алламжонов шайланып, орун басары болуп Саида Мирзиёева дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости