www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун чечими менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Өлкө башчысынын бул кадамы педагогдордун статусун көтөрүүгө жана алардын мамлекеттин өнүгүшүндөгү ролун баалоого багытталган. Агартуу министрлиги бул маанилүү стратегиялык чара экенин белгилеп, акыркы күндөрү коомчулукта тарап жаткан айрым такталбаган маалыматтарга карата төмөнкүлөрдү билдирет:

"Айлык акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге тиешелүү болот. Айрым гана (STEM) предметтердин мугалимдеринин айлыгы көтөрүлүп, тарых, кыргыз тили же география мугалимдериники жогорулабайт деген сөздөр — жалган. Ошондой эле бул предметтердин сааттары кыскарат деген маалыматтар да чындыкка дал келбейт", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости