www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Ж.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, О.А. аттуу жаранга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, 2025-жылдын 19-август күнү Бишкек шаарынын Ч.Валиханов көчөсүндө ишенимине кирип, алдоо жолу менен 16 миң АКШ долларына бааланган Kia K7 үлгүсүндөгү автоунааны бир айлык мөөнөткө алып кеткенин билдирген. Кийинчерээк ал дагы 12 миң жана 12 миң 500 АКШ долларына бааланган эки даана Hyundai Sonata автоунаасын алган. Бирок жалпы суммадан 20 миң 500 АКШ долларын гана төлөп берип, андан кийин байланышпай калган.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1981-жылы туулган О.А., аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.