www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен шаарында 2026-жылдын 9-март күнү кечинде бир нече уурулук фактылары катталып, жабырлануучулар милицияга кайрылышкан. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

71 жаштагы шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, ал күнү кечинде үйүн бекитип ооз ачарга кеткен учурда белгисиз жаран терезе аркылуу үйүнө кирип, үйдүн ичин аңтарып, “Redmi 5” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана короосунда турган велосипедин уурдап кеткендигин билдирген.

Ошондой эле 74 жаштагы дагы бир шаар тургуну арыз менен кайрылып, 9-март күнү кечинде үйүн кулпулап кеткенин, ал эми 10-март күнү келгенде белгисиз жаран үйдүн кулпусун бузуп кирип, акча салгычта (копилкада) турган болжол менен 20 000 сом акчасын жана “Redmi A1” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткендигин билдирген.

Мындан сырткары Баткен шаарынын 27 жаштагы тургуну Баткен облустук ооруканасынын короосуна токтотуп койгон “Kia K7” үлгүсүндөгү автоунаасынын ичинен белгисиз жаран 50 000 сом акчасын, айдоочулук күбөлүгүн, паспортун жана банктык карталарын уурдап кеткендигин билдирген.

Дагы бир факт боюнча 55 жаштагы жаран 9-март күнү кечинде Баткен шаарындагы Чынар-Бак мечитинин алдында бактын ичинде токтотуп койгон “Honda CR-V 3” үлгүсүндөгү автоунаасынын арткы айнеги сындырылып, ичиндеги “Redmi 10” үлгүсүндөгү уюлдук телефон уурдалганын билдирген.

Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин негизинде төрт кылмыш иши козголгон.

Баткен ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары Баткен районунун 15 жаштагы тургуну А.А. кармалып, учурда Баткен шаардык ички иштер бөлүмүндө тергөө иштери улантылууда.

 

Последние новости