www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте 1-класстын окуучуларынын мектепке барып-келүүсүн уюштуруу маселесин карап чыгуусу шарт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында маалымдады.

Өкмөт башчы, бул маселе айрыкча шаардын тургундарына байланыштуу экенин белгилеп, мектептерде санитардык-гигиеналык нормалар так сакталышы керектигине токтолду.

"Тийиштүү санитардык коопсуздук нормалардын так сакталышын камсыздоого мектеп жетекчилиги жооптуу. Коомдук транспортто оорунун жугуу тобокелчилиги жогору экенин эске алып, Билим берүү министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте 1-класстын окуучуларынын мектепке барып-келүүсүн уюштуруу маселесин карап чыгуусу шарт. Бул маселе өзгөчө шаардагыларга тийиштүү", - деди Боронов.

Штабдын чечимине ылайык, жаңы окуу жылында 1-класстын окуучулары мектепке барып окушат. Калган класстын окуучулары, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери онлайн режиминде билим алат. Эпидемиологиялык кырдаалга жараша билим алуунун кийинки тартиби Республикалык штабдын отурумдарында каралып турмакчы.

Өкмөт башчы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын аралыктан билим алуусуна шарт түзүү үчүн сыналгы жана уюлдук телефон менен камсыздоо маселесин чечүү керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары, коомдук транспортто санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын туруктуу негизде көзөмөлдөө зарылдыгы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости