www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-августта Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызын карап жатат. Партиянын лидери Канат Исаев сотто 2020-жылдагы шайлоого кабыл алуу боюнча билдирүү жасады.
«Бул техникалык ката партияны жарыштан четтетүүгө себеп боло албайт. Пара берүү, мыйзамсыз үгүт жүргүзүү, каржылоо болсо, башкача айтканда, шайлоочулардын сөз эркиндигине байланышкан мыйзам бузуулар аныкталган процесстерди билебиз. А бирок бул катачылык шайлоочулардын чечимине эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул үчүн эскертүү жасоо жетиштүү болот. Ошентип, БШК партиянын талапкерлеринин гана эмес, 206 миңден ашуун шайлоочунун да укугун бузуп жатат. Мурунку шайлоолордо одоно мыйзам бузууларга жол берилген прецеденттер болгон, аларды жазаласа болот, бирок аларга кичинекей гана эскертүү берилген», – деди Исаев сотто.
Булак: NazarNews.kg