www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 1-сентябрдан тарта коомдук транспорт мурдагыдай режим менен тыныгуусуз иштеп баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Адатта автобус, троллейбус жана маршруткалар күн сайын тыныгуу менен (саат 11.00дөн 14.00гө чейин) каттамга чыгып жаткан.

Мындан ары эл ташыган транспортторго эртеден кечке чейин тыныгуусу жок иштеп, каттамга чыгышына эч кандай чектөө коюлбайт.

Ошол эле учурда мэрия салондун тазалыгын жана дезинфекция жүргүзүлүп жатканын текшерип турарын билдирди.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости