www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери мыйзамсыз жүгүртүүдөн өзгөчө ири өлчөмдө баӊгизатын алууга жетишишти. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан Сталбек Усубакунов билдирди.
Изкубарлардын айтымында, январь айынын акырында Жети-Өгүз районунда «Кепа» аттуу адам үйүндө өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Иликтөө иштерин жүргүзгөн учурунда кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, ал Дархан айылынын 46 жаштагы тургуну Д. Каныбек болуп чыкты.
Кылмышка шектүү адамдын үйүнөн күбөлөрдүн катышуусу менен санкциялаштырылган тинтүү жүргүзүү учурунда сарайынан жана жертөлөсүнөн 8 данаа 5 литрлик пластикалык идишке жана целлофан баштыкка салынган жапайы кендир жыттанган өсүмдүк заты табылып алынган.
Экспертиза көрсөткөндөй табылып алынган баӊгизаты марихуана болуп эсептелинет. Салмагын өлчөгөндө 10 кг. 385 гр. марихуана жана 3 грамм гашиш болуп чыкты.
Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин КЖБРга катталып, жазык кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү Д. Каныбекке карата «үй камагына» алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg