www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис Турганбаев деген спортсмен бар. Атамбаевдин заманында фуражкасы жер чийип, Атамбаев муштап койсо “бал” экен деп, ырсайа күлүп Ички иштер министри болуп жүрчү. Ага караганда улуту башка болсо да, баласы өз учагы менен Батукаевди Кыргызстандан алып кетсе да Шамил Атаханов өйдө экен, Атамбаев аны бир муштаса, “Тартыңыз колуңузду” деп, Шамил Атаханов таяк жегенден көрө министрлик ордуман кечтим деп генералдык абийирин сактаган. Мелис Турганбаев болсо Атамбаев чапса “колуңуз май” экен деп жасакерленип турган, анысына карабай министрликтен алып ыргыткан.

Белгилүү жигит Алмамбет Анапияевдин Минскиден мууздалып кетиши, бул спортсмендин  министр болуу карьерасына чекит койгон. Алмамбет Анапияевди Минскиден өлтүрүлүшүнүн башкы себеби ал жердеги адамдарга шылтоолоп коюш керек эле. Бирок Атамбаев менен Турганбаевдин “жомокторуна” эл ишенбей койгондо, Атамбаев Турганбаевди орду-түбү  менен жоготкон. Мелис акебиз манталаңдап ардагерлер боюнча эл аралык мелдештерге катышып калган.

Сооронбай Жээнбеков бийликке келгени Бабанов дегенди бакыйта колдоп жүргөн  Мелис акебиз түрмө начальнигине айланып, түрмөнүн ичи кечээ министр кезинде бир нанды чогуу бөлүп жеген кесиптештерине толуп бараткандай. Мелис Турганбаев ал эмес мурунку “шефи” Атамбаевди өз карамагына алып, бүгүн “түтөтүп” турган кербези. Атамбаевдин Ички иштер министри Турганбаев, бүгүн СИЗОдо камалып жаткан Атамбаевдин түрмө жетекчиси, парадокс ушул жакта. Угушубузча, Турганбаев түрмөгө камоо боюнча планды ашыгы менен аткарып салгандай. Сталиндин убагында Берия, Ежов, Ягода гана Турганбаевден ашпаса, учурда ага чукулдай турган киши жоктой.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости