www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Автордук укукту коргоо жана чыгарма ээлерине сый акы берүү мыйзамын жөнгө салуу сунушталууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) жетекчиси Динара Молдошева билдирди.
Анын айтымына караганда, кыргыз патент авторлор менен келишим түзүп, автордук жыйымдарды чогулат.
"Кыргызпатент чыгарма ээлери менен келишим түзүп, алардын атынан автордук жыйымдарды чогултат. Телерадио компаниялар, театрлар, кафе-бар, ресторандар жана мейманканаларда музыкаларды пайдаланганы үчүн авторлорго акы төлөйт. Анан биз аткаруучуларга, акын, композиторлорго бөлүп беребиз", — деди ал.
Андан соң депутат аталган жыйымдар кандай жол менен чогултуларын сурады. Эл өкүлү учурда кафе-ресторандар салыкты толук төлөбөй жатканын эскертти.
"Кыргызпатент ар бир ресторан менен келишим түзөт. Ага ылайык, ичинде орундуктарга жараша ай сайын белгиленген көлөмдө акча төлөөгө милдеттендирилет. Мындай калем акы 25 жылдан бери чогултулат. Былтыр 12 миллион сомго чейин чогулттук. Ошону азыр авторлорго бөлүп берип жатабыз. Эң көп сый акыны ырчылар Бек Борбиев менен Мирбек Атабеков алды", — деди Молдошева.
Ошондой эле ал учурда көңүл ачуучу жайлардын ээлери менен жолугуп мыйзамдын нормаларын түшүндүрүп жатышканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg