www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды.
Аталган мыйзам долбоорун Гүлшат Асылбаева, Бактыбек Турусбеков, Бакыт Төрөбаев, Улан Примов баштаган 42 депутат демилгелеп, коомдук талкууга койгон. Бул мыйзамдарды жаңы Конституцияга дал келтирүү жана ЖК депутатынын ишинин негизги принциптерин, кепилдиктерин, ошондой эле анын негизги укуктарын, милдеттерин аныктаган жоболорун өркүндөтүү максатында иштелип чыкканы жазылат.
Анда ЖК депутаттары партиялык тизме боюнча жана бир мандаттуу шайлоо округунан шайланары белгиленген.
Буга чейин жарандар 21 жашка чыккандан кийин депутат боло алса, мында жаш курагы 25ке чейин жогорулаган.
Ошондой эле депутаттын мандатын артка чакыртып алуу каралган. Аны менен катар бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себепсиз 10 күн үзгүлтүксүз келбей койсо мандатынан ажыратуу демилгеленди.
Учурда иштеп жаткан мыйзамда мандатын артка чакыртуу каралган эмес. Ал эми бир сессиянын ичинде 30 же андан көп жолу жыйынга катышпаса депутаттык укугунан ажыратылат.
Булак: NazarNews.kg