www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-апрелде, Казакстан аркылуу 10 жараныбыз Афганистан Ислам Республикасынан, Кабул шаарынан кайтарылды, бардык келгендер бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Кыргыз Республикасынын жарандарын чет мамлекеттерден кайтаруу боюнча маселелерди ишке ашыруунун алкагында, дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышына байланыштуу жабык чек аралар шартында жана эл аралык жүргүнчү авиабилдирүүлөрдүн токтогондугунан улам КР ТИМи Казакстандын ТИМи менен биргеликте кызматташууда бул маселени чечүү иштелип чыкты.

Көрсөтүлгөн жарандар ооган авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик авиакаттамы аркылуу Алматынын эл аралык аэропортуна учуп келишкен. Ал жактан алар атайын унаа менен саламаттык сактоо кызматкеринин коштоосунда Бишкекке алынып келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости