www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаковго адвокаты менен жолугушууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу Исаковдун адвокаты Замир Жоошевге таянып, "Азаттык" жазып чыкты.

Замир Жоошев кесиптеши Бакытбек Автандил уулу менен кошо 27-апрелде Петровкадагы түзөтүү колониясында отурган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен жолугушуу үчүн барышкан, бирок түрмө жетекчилиги аларга жолугушууга уруксат бербей койгон.

«Биз Сапар Исаков менен жолугушуп, Улуттук тарых музейине байланыштуу соттук териштирүү жөнүндө сүйлөшүүнү көздөгөн элек. Бишкектен 55 чакырым аралыктагы Петровкага түрмөгө келсек, бизге Мелис Турганбаевдин 1-апрелде чыккан буйругун көрсөтүштү. Анда коронавирус пандемиясына байланыштуу абакта кармалып тургандар менен жолугушууга тыюу салыныптыр. Бул жабык жайларда отурган жарандардын юридикалык жардам алуу боюнча конституциялык укугун бузат!» - деп билдирди Замир Жоошев.

Адвокат жабык жайда отургандарга адвокаттары, Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери менен жолугушууга уруксат беришин талап кылып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигине кайрылганын, азырынча жооп боло элек экенин кошумчалады.

ЖАМКтын коомчулук менен байланышуу бөлүмү «Азаттыкка» кабарлагандай, адвокат Замир Жоошевдин мындай мазмундагы кайрылуусу мекеме жетекчилигине 16-апрелде келип түшкөн. Мекеменин басма сөз катчысы Самат Калыковдун билдиргенине караганда, адвокаттын кайрылуусуна жооп 20-апрелде берилген.

«Жазасын өтөш үчүн тергөө абагынан түрмөгө которулган адам 14 күндүк жалпы карантинде болот. Ошол учурда аны менен адвокаттарына жолугушууга уруксат берилбейт. Мындан тышкары ЖАМКтын жетекчиси 1-апрелде өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам, бардык жабык жайларда: тергөө абактарында, жаза өтөөчү жана түзөтүүчү мекемелердин баарында кармалып тургандар менен жолугушууга уруксат берилбесин деген буйрук чыгарган. Ошол буйруктун негизинде адвокаттын кайрылуусуна жооп берилген», - деп айтты Калыков.

Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупция үчүн айыпталып, №1 тергөө абагында отурган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 колонияга, дагы бир экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги №47 колонияга, ал эми «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов Молдовановка айылындагы №27 колонияга 23-апрелде которулган.

Булардын ичинен Сапар Исаковдун үстүнөн дагы бир иш - Улуттук тарых музейиндеги коррупцияга байланыштуу соттук териштирүү уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости