www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева бүгүнкү онлайн-жыйында коронавирус менен ооругандарды дарылоого канча каражат сарпталгандыгын айтты.

Анын айтымы боюнча, COVID-19 диагнозу бар 165 бейтапты дарылоого 3 миллион 98 миң 824 сом сарпталган. Ошондой эле оорулуулар менен байланышта болуп, обсервацияда көзөмөлдө жаткан 1 миң 794 адам үчүн 5 миллион 264 миң 219 сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 695 учуру аныкталган. Анын ичинен 395 адам оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылса, 8 жаран коронавирустан улам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости