www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз дарыгерлерине жардам көрсөтүү максатында Кытайдан келген дарыгерлердин эксперттик тобу бүгүн кайра мекенине кетишет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Кытайдан келген дарыгерлер бүгүн мекенине кетишет. Алар биздин дарылоо иштер эл аралык стандартка ылайык экенин айтышты. Шарттардын жакшы түзүлгөнүн белгилешти. Биздин дарыгерлердин деӊгээли өтө жогору экенин айтышып, бир гана биз карантиндик эрежелерди так сактабай жатканыбызды, карантиндик шарттарды бекем сактоо ооруну бат жеӊүүгө жардам берерин билдиришти»-деди Нурболот Үсөнбаев.

Эске сала кетсек, Кытай медиктери 20-апрелде коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүүшү максатында келишкен.

Булак: NazarNew.kg

Последние новости