www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-майда айрым мекемелерге жумуш күн болот

2020-жылдын 10-майы -  айрым мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органдары үчүн иш күн. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө, экономикалык багыттагы иштерди жүзөгө ашыруу боюнча чараларды ыкчам кабыл алуу максатында кабыл алынды. 

Ушул документтин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

- Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) үчүн 2020-жылдын 10-майы иш күнү деп белгиленет;

- Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери тез арада 2020-жылдын 10-майы иш күнүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо керек. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости