www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты, Карамат Орозованы кепке тартып, чек ара маселесинин  алкагында сүйлөштүк. 

--Карамат эже, Баткендеги чек арадагы чыр барган сайын көбөйүп, ок атышуу адатка айланып бараткандай. Эки элдин ортосунда жаңжал чыкпаш үчүн кандай кадамдарга барышыбыз керек?

--Баткен облусунун көпчүлүк айылдары кошуна эки өлкө менен чектешет, ушунусу менен башка облустардан айырмаланат. Баткен облусундагы мындай маселелер чек ара такталмайын чыга берет. Негизи чек арада чырды дайыма кошуна Тажикстан тарап баштайт, бирок маалымат берүү жагынан Тажикстан өзүнүн кызыкчылыгын  коргоп, кыргыздар баштады деген дооматты  бизге оодара салганга үлгүрүшөт.

Мына ушундай көйгөйлүү маселелер жаралбасын десек, чек ара маселесин мамлекеттик деңгээлде чечишибиз керек. Башкача айтканда, президент өзү бул маселеге кийлигиши керек. Антпесе, иш илгерилебейт. Маселе оор, чыңалган бойдон кала берет.

--Тажик тарап чырды баштап, эмнеге аны кыргыздарга шылтаганды адат кылып алышты?

--Себеби, биздин бийлик өкүлдөрү көп учурда чек арада жашаган элдерди күнөөлөп жазалайт. Ошон үчүн үчүн алар дооматты бизге оодара салганды адат кылып алышкан. Маселен, Ак-Сай айылынын эли чек арада чыр чыгып,  маселени чечип бергиле деп бийликтен талап кылышса, биздин ИИМдин кызматкерлери  резина ок менен кыргыздарды атып, газ менен ууландырып, чырлуу маселенин чечилишин талап кылган элди кууган. Ошондой эле Көк-Ташта чектешкен жерде жашаган жаш активисттерди баш аламандык уюштурду деп камаган. Күч органдарынын кыргыздарга жасаган мына ушундай адилетсиз, одоно мамилесинен улам, алар кыргыз тарап күнөөлүүлөрдү атты, жазалады деп чыгышкан. Мына ушундай жагдайлар чек арада кандай чыр чыкса да, тажик тарап бизге оодарып салууга шарт түзүп берди.

--Чек ара маселесин чечүүгө ким тоскоолдук кылып жатат?

--Эч ким тоскоолдук кылган жок. Бирок, өкмөттүн жоопкерчиликсиздиги, чечкинсиздиги, маселени чече билбегени, чек ара маселесиндеги алсыздыгы, иштин көзүн таппаганынын айынан чек арадагы элдер ушундай оор шартта жашап, кыйын күндөрдү баштан кечирип жатышат.

--Тажик тарап неге провокация кылганды адатка айландырып алышты?

--Алар өз кызыкчылыгын ушинтип иш жүзүнө ашырууну көздөп жатат.

--Чыр чыкканда эле эки тараптуу жолугушуу болот. Бирок, эмнеге ал жолугушуулар жыйынтык  бербей жатат?

--Эки тараптуу сүйлөшүү өз деңгээлинде сүйлөшүлбөйт. Себеби, бизде чек ара маселесин чечүүчү кызмат эмнегедир адамы бат-бат алмашылып турат. Ошондой эле ал кызматка чек ара маселесин ийне жибине чейин билген адам коюлбайт. Чек ара маселесин терең түшүнбөгөн адам, кыргыз тараптын кызыкчылыгын эч качан талаша албайт. Ал тармакка туура кадр тандалбагандыктан жана жергиликтүү элдин пикири эске алынбагандыктан  эки тараптуу жолугушуулардан  жыйынтык чыкпай жатат.

Эгер чындап эле чек ара маселесин эптей турган кадр таппай жатышса,  Баткен районунан чек ара маселесин жакшы билген, керек болсо кошуналардын тилин билген облустук, мамлекеттик деңгээлде жергиликтүү кадрларынан карап көрүшсө болмок. Ал кызматка жергиликтүү кадрлардан  койгусу келбесе, Баткенде 4-5 жыл иштеп, чек аранын абалын жакшы билген генералдардын кызматын пайдаланса, эл да мынча азап тартпай, чек ара маселеси да чечилүү жолуна түшмөк.

--Акыркы мезгилде Баткенде өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болгон кишини эле вице-премьер-министрлик кызматка даярдап, чек ара маселесин арта салган адат пайда болду. Ыйгарым укуктары жогору, жооптуу кызматка даярдаса да,  эмнеге алар ишинен жыйынтык чыгара алышпай жатат?

--Ачыгын айтканда, чек ара маселесин тейлеген өкмөттүн алдындагы комиссия жарытылуу иш алып баралбай жатат. Вице-премьер болгондор  укук коргоо органдарын биринчи орунга койгондуктанбы, эмнегедир көп учурда чек ара маселеси  экинчи орунга түшүп калып жатат. Чек ара такталганча, премьер-министрдин чек ара кызматы боюнча орун басары жана чек арага тиешелүү мекемелер Баткенге көчүрүлүп, чек араны тактоо боюнча үзгүлтүксүз  иштеши  керек. Ошондо гана бул маселе чечилүү жолуна түшөт.

Булак: NazarNews.org

Последние новости