www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арча-Бешик конушунда 7 жашында көз жумган Айдананын өлүмү боюнча тергөө иштери уланып жатат. Бул маалыматты 30-декабрда «Сводка АКИpress» редакциясына ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2004-жылы төрөлгөн Айдананын үй-бүлөсү 2012-жылдын 18-мартында милицияга жардам сурап кайрылып, кызын таппай жатышканын айтышкан. Ал үйүнөн 250 метр алыста жашаган тууганын (кыз бала) узатуу үчүн 17-мартта саат 17:00 чамасында чыккан бойдон кайтпай калган.

18-мартта түн ичинде Д.Садырбаев көчөсүндө жайгашкан кафедеги бардын ичинен кыз баланын сөөгү табылып, ал Айдана экени, алгач зордукталып, андан кийин муунтулганы такталган. Ал ошол жылдын майында 8 жашка толмок.

Бул факт боюнча Ленин РИИБ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 97- беренесинин 1-2-бөлүмүнүн 3-6-7-10-пункттары (эски редакция — жардамга муктаж же өспүрүм баланы өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү) менен катталып, тергөөнүн жүрүшүндө 460 адам суракка алынган.

Алгач бул кылмышка 6 адам шектелген. Бирок Алматы шаарынан жүргүзүлгөн биологиялык экспертизанын (ДНК) жыйынтыгы алардын бирине да дал келген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости