www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус менен күрөшүү үчүн медицина кызматкерлерине жардам катары 30 миллион фунт стерлинг (37 миллион доллар) чогулткан англиялык ардагер 100 жаш юбилейин белгиледи. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.

Том Мурдун 30-апрелдеги 100 жылдык юбилейине 125 миң куттуктоо кагазы келген. Андан тышкары ага ардактуу полковник наамы ыйгарылып, юбилейинин урматына эки аскер учагы салтанаттуу түрдө ардагердин үйүнүн үстүнөн учуп өткөн. Ардагер мурун жоготуп алган "Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы коргоо үчүн" деген медалынын ордуна жаңы медаль тапшырышкан.

Буга чейин 99 жаштагы Англиянын ардагери үйүнүн короосунда айланып, медицина кызматкерлерине 6 миллон фунт стерлинг (600 миллионго жакын сом) чогултканы жазылган. Ал 100 жылдык юбилейине чейин 1000 фунт стерлинг чогултсам, медицина кызматкерлерине жардамга жумшамакмын деп айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости