www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1939-жылы "жакын арада немистер Парижге кирип келет" деген суук кабарды угуп, 23 жаштагы жаш кыз борбор шаардагы батиринен чыгып кеткен. Ал түштүккө карай бет алып, ошол жакта өзүнө коопсуз болорун сезген. Айым түштүккө кеткенден кийин кайра артка үйүнө кайтып келген эмес. Кийин анын көзү өткөндөн кийин гана мураскорлору анын батири бар экенин билишип, үйдү көрүүгө келишкен. Бул тууралуу маалыматты kulturologia жазып чыкты.

1939-жылы батирдин ээси Флориан Парижден чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Анткени, шаар Германиянын аскерлерин басып алуу коркунучу астында калган. Ал өзү менен гана керектүү буюмдарды алып, батирди жөн гана ачкыч менен кулпулап кеткен.

Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин, ал аял үйүнө кайтып келүүнү чечкен, бирок, кандайдыр себептерден улам келе алган эмес.

70 жыл бою Флориан батирди ижарага алуу үчүн салыктарды төлөп келген. Эмнегедир анын туугандары үйү бар экенин байкашкан эмес. Аял 2010-жылы 91 жашында дүйнөдөн кайткандан кийин гана үй-бүлөсү бул мурасы тууралуу билишкен.

Ал батирдин ичине киргенде убакыт токтоп калгансыйт. 1900-жылдардагы эмеректер, идиш-аяктар жана дубалдарга сүрөттөр тартылган.

Бөлмөлөрдүн ичинен оюп жасалган столдун үстүндө турган көптөгөн косметикалык кумуралар, чач тарачтар жана ойготкуч сааттардын чаң басып, желе каптап кеткенин көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости