www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте автоунаа жолдон чыгып кетип, жыгач устундарга урунганын “Короче” Telegram-каналы билдирди. Бул маалыматты комендатура дагы тастыктады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 30-апрелде саат 15:00дөр чамасында Юнусалиев көчөсү менен Скрябин жана Субанбердиев көчөлөрүнүн ортосунда болгон. Видеодон Lexus үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеден өтүп, жанындагы унааны ашып кетүүгө аракет кылганда жолдон чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Ошондой эле, экинчи жарыяланган видеотасмадан Lexus жыгач устунга урунганын байкоого болот. Комендатуранын маалыматы боюнча, рулда 1992-жылы туулган Э.Э. болгон. Ал Юнусалиев менен түндүктү көздөй бара жатып рулду башкара албай калган. Медициналык экспертиза анын мас эмес экендигин аныктады.

Айдоочу жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Унаасы болсо айып короого токтотулду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости