www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-октябрда, Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында жиу-житсу боюнча мелдештер өтүүдө.
Кыргызстандын атынан 62 кг чейинки салмак категориясында катышып жаткан Таалайбек Байышев коло медаль үчүн беттешет.
Кыргызстандык спортчу алгачкы беттешинде Таиланддын өкүлү Сувижак Кунтонгду 2:2 эсебинде артыкчылык менен жеңген. Андан соң Бахрейндин өкүлү Абдулла Али Абдулланы 2:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан.
Чейрек финалда Байышев Сауд Аравиясынын өкүлү Абдулмалик Мохаммед Аль-Мурдхини 2:0 эсебинде жеңип, жарым финалга өткөн.
Ал эми жарым финалда Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Омар Аль-Сувайдиге 0:4 эсебинде утулду.
Таалайбек Байышев коло медаль үчүн беттешти Бишкек убактысы боюнча саат 12:35те өткөрөт.