www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын ички иштер органдарынын ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Кубатбек Асанбаев дүйнөдөн кайтты.

Кубатбек Асанбаев 1971-жылдын 12-апрелинде Нарын шаарында туулган. Ал ички иштер органдарындагы кызматын 1990-жылы баштап, 35 жылдан ашуун өмүрүн укук тартибин жана мыйзамдуулукту камсыз кылууга арнаган.

Кызматтык жолунда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер органдарында ыкчам кызматкер, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам кызматкер болуп эмгектенген. Ошондой эле ИИМдин борбордук аппаратында бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган.

2021–2026-жылдары Нарын облусундагы ички иликтөөлөр кызматында кызмат өтөп, акыркы жылдары өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам кызматкер болуп иштеген.

Кесиптештеринин айтымында, Кубатбек Асанбаев өз ишине берилген, тажрыйбалуу, жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу кызматкер катары эсте калат.

ИИМдин жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Последние новости