www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бразилиянын Планалту шаарынын Александра Дугокенски аттуу тургуну өзүнүн баласын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Дугокенски 11 жаштагы баласын ууландырып өлтүрүп, андан соң жансыз денесин мурун жашап кеткен үйүнө алып барып жашырып койгон. 16-май күнү полиция кызматына кайрылып, уулунун дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Ал полицияга баласы акыркы жолу өзүнүн бөлмөсүндө болгонун, бирок анын эшиги ачык бойдон калып, өзү жок экенин айткан.

Соттук-медициналык экспертиза үйдөн жана баланын өгөй атасынын унаасынан баланын канын табышып, Дугокенски кармалган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө чындыгында баласы дайынсыз жоголгон эместигин, таасири күчтүү дарыларга ууланганын айтып берген. Мындай жорукка баласынын эмоционалдык кыйынчылыктардан жапа чегип жүргөнү себеп болгон. Баласы ууланып каза болгондон кийин аял аны ошол аймакта жайгашкан эски үйүнө алып барып салган.

Жергиликтүү полиция кызматынын башчысы Надин Афлор жеке өзү бул кылмышка шектүү аялды тергөө аяктаганга чейин камакка алууну соттон өтүнгөн. Анын айтымында, аялды баласын өлтүрүүгө күнөөлүү деп табуу керек, азыр айыптоочу тарап бул иш тууралуу далилдерди топтоп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости