www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түп районунда ооруп өлдү делинген жылкыдан сасык тумоо оорусу аныкталды. Бул тууралуу 28-майда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.

"Социалдык тармакты колдонгондун өзүнүн дагы маданияты болушу керек. Элди дүрбөлөңгө салып, эч кандай жоопкерчиликти сезбей мындай видеону жайылткан туура эмес. Түп районунда өлгөн жылкы боюнча биз толук изилдөөлөрдү жүргүздүк. Атайын ошол жылкыдан алынган кан, ички органдарынын баарын текшердик.

Ал жерде болгону төрт жылкы бар экен. Төртөөнөн тең алдык. Азыркы учурда үчөө тирүү. Жылкылардан сасык тумоо оорусу аныкталды. Азыркы учурда дагы изилдөөлөр жүрүп жатат. Башка жерлерден жылкылардын мындай оору менен өлгөн учурлары катталган жок", - деди Калысбек Жумаканов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости