www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги эки жогорку окуу жайдын окутуучусу Чынар Капарова менен аралыктан окуутунун күңгөй-тескейи тууралуу ой бөлүштүк.
--Чынар эже, коронавирустун айынан аралыктан окутууга аргасыз болгон жагдай жаралды. Бири онлайн сабактын жакшы жагын айтса, экинчиси окуучулардын жана студенттердин окууга болгон кызыгуусу жоголуп баратканын айтышат. Сиз аралыктан окутуунун оң жагын көбүрөөк байкадыңызбы же терс жагынбы?
--Ооба, башка көпчүлүк мамлекеттердей эле, биздин окуу жайлар дагы мектептер да аралыктан окутууга өттү. Мен 6 жылдан бери жогорку окуу жайларга лекция окуп жүрөм. Коронавирустан жаралган абалдан улам онлайн окутууга өттүк. Мени сүйүндүргөнү онлайн сабакка окутуучулар да, студенттердин даярдыгы болду. Бирок, ошол эле учурда айрым мүчүлүштүктөр да болду. Кандай методиканы тандайбыз, баалоо маселеси кандай болот деген маселелер жаралды. Бирок, бул маселелер да акырындык менен жолго салынды. Факультетибиз Zoom, Google Meet менен Google classroom платформаларын тандап алганбыз. Окутуучу катары программист да боло түштүк. Бирибиз билбегенди бирибизге үйрөтүп... Улам бир кемчиликти жоюп, артыкчылыгын баамдап, бул системада да адис боло алдык окшойт.
--Онлайн сабакты жөндөп кеткенибиз санарипке өткөнүбүздүн пайдасы десек болобу?
--Болот. Бекеринен эки жылды катары менен санариптештирүү жылы деп жарыяланбаптыр деп калдым. Азыр да санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн үстүндө иштөө маанилүү. Анткени, заман өзү бизге кандай кырдаал болуп калышы мүмкүн экенин көрсөтүп койду. Мүмкүн коронавирустун экинчи толкуну күзгө туура келип калса, кайрадан онлайн окууга өтөбүз. Ушул жай айлары эс алуу менен бирге онлайн сабактарды да мыктылоонун үстүндө ар бир окутуучу аракеттенүүсү маанилүү.
--Жеке сизге маселе жаралган жокпу?
--Маселе деле жаралган жок. Мен иштеген Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университет онлайнга өтүү буйругун чыгараар замат, камераны колума алып видео-лекция жазууга кириштим. Андан кийин эле “окуу жайга кирүүгө болбойт!” деген буйрук чыгып калды. Ошондон тарта үйдө отуруп иштей баштадым. Университеттин тиешелүү жетекчилери дароо “Мегаком” жана “О” уюлдук байланыштарынын акысыз интернетке сим карталарды таратып берди. Анан ишти жөндөп кеттик. Мисалы дүйнөнүн ири университеттери буга чейин эле онлайн лекцияларды өтүп турушат. Болгону, бизде аз колдонулчу.
--Аралыктан окутуунун артыкчылыгы, кемчилигин кайсылар экен?
--Артыкчылыгын да, кемчилигин да байкадым. А дегенде артыкчылыгын айтайын. Мен Ош мамлекеттик университетинин студенттерине онлайн-конок болдум. Ушул Бишкектен Ошко түз чыгып, студенттерге лекция окуп, алардын суроо-жооптору менен кызыктуу болду. Жол киренин да, ашыкча командировкалоонун да кажети жоктой сезилди. Бирок, университеттин өзүнө барып билим берген, билим алган албетте жакшыраак. Студенттер да чөйрө менен аралашканды, таанышып, баарлашканды, мамиле түзгөндү да кошо үйрөнүүсүн, билимдин жугумдуулугун эске алсак, албетте маңдай-тескей отуруп билим берүү, билим алуудан өтөөрү жок.
Ошондой эле дагы бир онлайн сабактын жакшы жери мурда окуу жайга анча келе бербеген, сабактарга толук катышпаган же сабакта тартынып сүйлөбөгөн балдар видео аркылуу активдүү болушканын байкадым. Бул онлайн сабактын жакшы жагы.
Купулума толбогону айрым учурларда студент видео-лекцияга катышты делип белги көрүнгөнү менен ал сени угуп жатабы, же башка иш менен алекпи деген да маселе болот экен. Балдар айылдарда болгондуктан айыл жумушу бүтпөйт. Башка иштер менен алагды болоору турган иш. Дагы бир жагы интернеттин жоктугу, же анын начар иштөөсү. Интернет үзгүлтүк болгондо лекциянын кайсыл бир бөлүгү угулбай, кабыл алынбай калган да жагдайлар жаралды.
--Мындан ары сабакты онлайн менен эле окусак болот бекен?
--Мындан ары да биротоло онлайнга өтүү маселеси бул утопия! Мындай билим берүүгө, мындай жол менен мыкты кадр даярдоого мүмкүн эмес деп ойлойм. Студент билим алып гана тим болбостон, өзүн чөйрөгө личность кылып калыптандырышы керек. Бирок, онлайн окутууну да токтотпой алыскы мамлекеттердин мыкты окуу жайларынын окутуучуларынын лекцияларын угууга, онлайн аркылуу белгилүү инсандарды мастер-класска чакырууга эң сонун мүмкүнчүлүк болоорун байкадым. Өзүм да иш жүзүндө эң артыкчылыктуу багыт катары тажрыйба топтодум.
--Билим берүү тармагынын таш–талканы чыкты деп эле сындагандар көп. Бул тармакка реформаны кандай багытта жасасак пайдалуу болчудай?
--Билим берүү тармагынын таш-талканы чыкты дегенге макул эмесмин. Албетте, жумушуна кайдыгер окутуучулар жок эмес экенин журналист катары да баамдап жүрөм. Мындай терс көрүнүштөргө жетекчилик гана чара көрө алат. Мисалы, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде сабак жыйынтыгына байланыштуу студенттерге анкета таратылган жакшы саамалыгы бар экен. Кайсы мугалим кандай окутту, билим жеткиликтүү болдубу, кандай оң жана терс жактары бар деген таризде. Демек, окутуучунун сапатын аныктоонун эң жакшы ыкмасы ушул. Улуттук университетте да ушундай анкета сурамжылоо болуп турат дейт, бирок жыйынтыгын көрө элекмин. Мүмкүн мен байкабай калгандырмын.
--ОРТнын зарылдыгы барбы?
--ОРТ жыйынтыгы жок кабыл алган окуу жайдын бирине сабак берип калдым. Мектептен алган билим деңгээли өтө начар экени байкалат экен. Студент болуп келген бала жакшы окуй албайт. Башкасын айтуунун кажети жок...
Булак: NazarNews.kg