www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык төрөт үйүндөгү 34 киши коронавирус илдетине чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бардык учурлар кайталанып алынган ПЧР-диагностикасында маалым болгон. “Жалпысынан 15 медицина кызматкери, 14 жаңы төрөгөн энелер жана 5 ымыркай илдетти жуктуруп алышкан”, - деп айтылат кабарда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен аталган мекеме оорунун учуру билингенде эле карантинге жабылып, обсервация түзүлгөнүн белгилешти.

Эске салсак, 28-майдагы онлайн-жыйында Нурболот Үсөнбаев бүгүн Ош облусунун 35 жаңы учур катталганын айткан. Республика боюнча коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны 1594кө жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости