www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жымшыган терлер ачылып, жыштыктар кыргыз калкы карантинде калтырап жатканда ит бекер акчалар чет мамлекетке самсый баштады. Буларды саткандардын алкымдарынын кенендиги түрмөнүн аянты менен эсептелине тургандыктан, өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев убактылуу кызматынан четтелип, эс алууга кетти. Акча дегенде сайгак тийген уйдай дыркырашып, калайык –калкты бири –бири менен тытыштырып жиберүүдөн кайра тартынбагандар элдин эсебинен тез байлык топтоону эңсешип, кантип акча табууну эстегенде көз жаштарын көл кылышып муңканган аваздарда үн чыгарышат. Булар акчанын жытын жыттаса, Кыргызстанды кепекке теңеп жибериши мүмкүн. Учурунда 15 МГц үналгы жыштыктары аукцион аркылуу 1 миллиард 500 миң сомго бааланып сатылган. Эми Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп туруп, 200 МГц үналгы жыштыктары 700 сомго саткан адамдарга баш көз болуп отурат. Барынан кызыгы 700 сомго тооктун этин сатып жаткансып, мыйзам боюнча тиешелүү аукцион да өткөрүмүш болгон эмес. Аукцион өткөрүп коюшса деле аны ким билет эле, ич ара бүлкүлдөшүп, бир аз кымбатка болсо да сатышмак, бирок мыйзамдуулукка бираз жакындап калмак.

Мамлекеттик бюджеттин акчасын коруй турган өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев үналгы жыштыктарынан өлкөнүн казынасына миллиардаган пайда түшөөрүн, эң жакшы түшүнүп турса да мыйзамды бузуп, аукциону жок, конкурсу жок Казакстандын компаниясына өткөрүүгө шалаакылык менен жол берген. Ушундай эле лицензиялар 900 миллион долларга сатылып, мамлекеттин бюджети миллиарддаган сомдорго кампайа түшкөнү тууралуу да айтылууда. Ушунча зор суммага сатыла турган үналгы жыштыктары 700 сомго сатылса, бюджетке канча пайда түшмөк эле, балким кимдир–бирөөлөрдүн капчыгын кампайткандыр, ким пайда тапканы тууралуу коопсуздук органдары териштирип  айтар. Ал эми ушул иштерди салмактап жаткан эксперттердин айтуусунда мамлекеттик бюджет 5 миллиард долларга зыян тарткан.

Коопсуздук кызматтарынын айтуусунда байланыш боюнча мамлекеттик агентчиликтин мурунку жетекчиси, Ирина Карамушкинанын улутташы Наталья Черногубова аттуу айым ушул иштердеги коррупция боюнча эки айга камалган. Алгачкы териштирүүлөрдө эле ал Технология жана байланыш мамлекеттик комитеттинин азуулуу адамдары менен биргеликте мындай мыйзамсыз иштерге барып, миллиарддаган пайда бере турган лицензияны кепек ордуна көрбөй чакмак таштай колдон–колго өткөзүп жиберген. Байланыш боюнча мамлекеттик агентчилик кээ бир лицензияларды аукцион аркылуу пайдаланууга уруксат берет. Бул агентчиликтин, Технология жана байланыш мамлекеттик комитеттинин жетекчилери жалпы жонунан Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн курамына киришет.

Бул бир гана үналгы жыштыктары боюнча, ал эми башка тармактарды талкалашкандары өз абийирлеринде гана сары майдай сакталуу. Абылгазиев алкымыңарды тыйып койгула дегенге жарай алган жок. Былтыр эле бажасынын уулу Эрлан Рысалиевди “КТ Мобайл” мамлекеттик компаниясына 350 миң сомдук директор орун басарына коюп койгону билингенде Абылгазиев "мен койгон эмесмин" деп актанып отуруп кутулган. Эми кол алдындагыларга ээ боло албай эмне деп актанаар экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости