www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июлда  Ош шаарында Мамлекеттик ипотека программасынын алкагында жаңы "Асман резиденс №1 Ош" турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, ага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК төрагасы Темиркул Балтабаев, муниципалдык ипотекалык ишканасынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты.

Жалпы аянты 1,3 гектарды ээлеген жерге 12 кабаттан турган 8 үй курулат. Батирлердин жалпы саны 528. Курулуш мөөнөтү – 1,5 жыл.

Турак жай комплексинде долбоорго ылайык, спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу, коомдук тамактануучу жайлары жана соода дүкөндөрү болот.

Үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер турак жай программасынын катышуучуларына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын порталында электрондук кезекте тургандарга кезек менен 4 жана 8 пайыздан жарандарга 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости