www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК президент Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаровду кармады. Бул тууралуу маалыматты Биринчи май райондук сотунан ырасташты.

Андагы маалыматка ылайык, Президенттин иниси Ж.У.Р аттуу шектүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгынын өтүнүчү менен 19-августка чейин камакка алынган.

Тагыраагы, соттун 17-июлдагы маалыматына караганда Ж.У.Р Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесине (“Алдамчылык”) менен шек саналып кармалган. Жабырлануучу ири өлчөмдө материалдык зыянга учураганы айтылат.

Эске салсак, 2023-жылдын октябрь айында президент Садыр Жапаровдун коррупцияга шек саналып кармалган аталаш иниси Улан Жапаров үй камагына чыккан. Ал бажыдагы коррупцияга байланыштуу 2023-жылдын июль айында камалган.


Ал эми Президент Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде тууганынын кармалышы боюнча комментарий берип, паракорчулукка аралашкандар жазасыз калбай турганын, баарына бирдей мамиле болорун айткан эле.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости