www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жакындарынын кармалышы боюнча билдирүү таратты.

"Урматтуу достор,

Бир нече маалымат сайттары Президент Садыр Жапаровдун жана МинКаб Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары кылмышка шектелип кармалганын өздүк булактарына шилтеме кылып кабарлашты.

Алардын мыйзамсыз аракеттерге баруусу боюнча компетенттүү органдар расмий маалымат беришет. 

Сиздердин көңүлүңүздөрдү дагы бир жолу өлкөбүздүн жогорку бийлиги мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабай тургандыгына бургум келет. 

Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз аракетке баргандар ким болбосун иштеп жаткан мыйзамдардын чегинде ээлеген кызматына, социалдык статусуна карабай жооп бериши керек деген айныгыс позицияны карманат", - деп жазды Алагөзөв.

Последние новости