www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түп районунда бир киши эки жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерге жасагандыкта шектелүүдө. Бул тууралуу NazarNews.kgге Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын айтымында, 20-апрелде 1977-жылы туулган Марина Түп райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган, ал өзүнүн досу Сергейге карата чара көрүүнү суранган. Чара көрүүгө Сергейдин 18-19-апрелде кечинде 2008чи жана 2009-жылы туулган кыздарга сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерди жасагандыгы себеп болгон.

Арыз Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Ыплас иш-аракеттер" беренеси боюнча катталып, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Арыз ээсинин айтымында, Сергей үйүнө келгенде, алар спирт ичимдиктерин ичишкен, андан кийин ал уктап калган. Эки күндөн кийин анын кыздары Сергей аларга тийишкенин айтышкан.

Шектүүнүн айтымында, чындыгында ал Маринага келип, спирт ичимдиктерин ичишкен. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, сүйлөшкөн кызы уктап калган. Сергей кыздар ойноп, аларды кытыгылагандан башка эч нерсе жасаган эместигин айткан. Ойноп бүткөндөн кийин, алар уктап калышкан.

Милиция бүгүн, 22-апрелде, Маринанын үйүнө соттук-психиатриялык жана соттук-психологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн атайын топ бараарын баса белгиледи. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, мыйзамга ылайык Сергейге карата чечим кабыл алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости