www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-февралдагы Коллегияда КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Осмонов эл аралык иш сапарларынын анализи менен тааныштырды.

Анын айтымында, чет өлкөгө расмий сапарга чыгуу боюнча жалпысынан 439 арыз макулдук берүү процедурасынан өтүп, анын ичинен 128 сапар маанисиз жана пайдасыз деп табылып, четке кагылган.

Ал ошондой эле бир катар аткаминерлер уруксатсыз чет өлкөгө барып келгенин айтты.

Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Алмаз Сокеев Суу чарба кызматынын директору болуп туруп Казакстанга уруксаты жок иш сапары менен барган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова тиешелүү уруксаты жок Стамбулга иш сапары менен чыгып, ушул күнгө чейин отчет бере элек. Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын 2-майында ал макулдашуусуз Канадада экологиялык иш-чарада болгон.

Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Самат Насирдинов JICA эл аралык кызматташтык агенттигинин программасынын алкагында Японияда 81 күн болуп, белгиленген мөөнөттөн дагы 21 күнгө ашык болгон.

Ал эми Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу арызына терс жооп алганына карабай чет өлкөгө командировкага барып келген.

 

Осмоновдун айтымында, Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева 2024-жылы 10 иш сапарга чыккан. Алардын айрымдары өтө узун жана натыйжасыз болуп чыкты. Айрыкча Австрияга 8 күндүк сапар негизсиз узак деп эсептелген. Кендирбаева 2024-жылдын 18-майынан 24-майына чейин окуу куралдарына 400 миң доллар чогултуу жана министрликти кошумча каржылоо максатында Улуу Британияда болгон, бирок Осмонов белгилегендей, берилген тапшырмалар аткарылган эмес.

Последние новости