www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бейшемби күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +20...+25 жана Нарын жергесинде +19...+24 градус болору айтылды.

Борбор калаада өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ошто күн ачык болот. Күндүн табы Бишкекте +27...+29, Ош калаасында +32...+34 градуска чейин жетсе, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +21...+23 градуска көтөрүлөт.

Последние новости