www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында фармацевт кыздын өлүмү боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды, деп билдирди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов.

Анын айтымында, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча соттук териштирүү башталды.

“Тергөө жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы азырынча белгисиз”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Облустук оорукана фармацевт кыз дары-дармекке ууланып каза болду деп билдирген. Маалыматка ылайык, 1-август күнү саат 09:11 чамасында кыз уулануу белгилери менен ооруканага жаткырылып, саат 16:45те көз жумган.

“Ал бизге эс-учун жоготуп келди. Бейтаптын оорусунун таржымалы соттук-медициналык экспертизада. Мен кабыл алуу журналындагы маалымат боюнча айтып жатам. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал дарыга ууланып калган. Бул бейтаптын эмнеден улам комага түшүп калганы белгисиз”, – деди оорукананын директорунун орун басары Кадырбек Бөрүбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости