www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Калифорния штатынын Риверсайд округунун полициясы 2 жаштан 29 жашка чейинки 13 баласын камап салган жуптарды кармады. Балдарынын айрымдарын чынжырга байлап койгон. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги аймактын шерифине таянуу менен билдирди.

Ага ылайык, 14-январда эртең менен жубайлардын 10 жаштагы кызы качып чыгып, куткаруу кызматына чалып, анын ата-энеси 12 бир тууганын чынжырга байлап кармап жатканын айткан.

Полиция 57 жаштагы Дэвид Аллен Турпин менен 49 жаштагы Луиза Анна Турпинди өз үйүнөн кармап, караңгы жана жаман жыттанган бөлмөдө керебетке байланган балдарды табышкан. Балдардын баары көп күндөн бери тамак ичпей кармалып жатышкан жана алардын абалдары өтө оор болгон.

Учурда ата-энелерге кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости