www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту эркек кишинин денесине залал келтирди деп айыпталып жаткан Э.А.нын (Азамат) иши боюнча өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу соттун 2017-жылдын 10-ноябрында чыккан токтомунда айтылат.

Соттун жүрүшүндө соттолуучу Азамат өз күнөөсүн мойнуна алып, 2013-жылдан бери никедеги аялы менен жашап жаткандыгын билдирген. Анын айтымында, 2017-жылдын июль айында аялы дайынсыз жоголуп кетип, аны 7 күн издеген. 26-июлда аялы Ж.О. (Эркин) аттуу киши зордоп кармап жаткандыгын айтып, каякта экендигин смс-кат аркылуу Азаматка билдирген. Ал аялы айткан даректеги үйгө барып, дарбазасын такылдаткан учурда мас абалдагы эркек киши эшикти ачкан. Ал эми, үйдүн ичиндеги бөлмөнүн эшигин өзүнүн аялы ачып, Азаматты ичкери киргизген. Бул учурда керебетте уктап жаткан Эркин Азамат келген учурда ойгонуп, соттолуучуну көкүрөккө түртүп, экөө мушташып кетишкен. Андан соң аларды ошол жердегилер ажыратышкан. Соттолуучу жумушуна кетип, аялы менен анын курбу кызы Эркинди ооруканага алып баруу үчүн ошол жерде калышкан.

Сотто Азамат эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза берүүнү суранып, кылган ишине өкүнөрүн билдирди. Жабырлануучунун өкүлү Х.К.кызы Эркин өзүнүн бир тууган агасы экендигин көрсөттү. Анын айтымында, агасы соттолуучунун аялы менен бирге жашап жаткан. Ал эми агасынын билдиргенине караганда, 25-июлда соттолуучу Темирлан деген киши менен дарбазаны ашып түшүп, Эркинди жип менен муунтуп башташкан. Андан кийин соттолуучу Эркиндин чөнтөгүнөн 5 миң сом алып, белгисиз тарапка качып кеткен. Х.К.кызы соттолуучуга мыйзамга ылайык жаза сурады.

Б.Т. аттуу күбө (соттолуучунун аялы Самара) жабырлануучу Эркин менен таанышкандан кийин ага смс-кат жазып, жолугушууну сунуштап, карызга акча сураганын билдирди. Эркин 2017-жылы июль айында Самара иштеген жерге келип, аны үйүнө алып барып, андан кийин сыртка чыгарбай койгон. Ал аны 7 күнгө жакын убакыт үйүндө кармаган. Жабырлануучу Самарага суу берип, ал аны ичкенден кийин уктап калган. Ал ойгонгондо Эркин ага кийими жок жаткан видеосун көргөзүп, интернетке чыгарам деп коркуткан. Андан кийин ал анын планшетин талкалап, кийимин тытып, ID-картасын майда бөлүктөргө бөлгөн. Самара жетинчи күнү качып кетип, эжесиникине барган. Ал эми, Эркин видео үчүн андан 300 миң сом талап кылган. 25-июль күнү Самаранын курбусу Эркин менен жолугушууну суранып, андан кийин ал видеону берерин айткан. Алар «Ош» базарынан жолугушкан. Эркин соттолуучунун аялына «эгер менин үйүмө барсаң, видеону берем» деп убада берген. Ал анын сунушуна макул болгон. Кечинде жабырлануучунун үйүнө эркек киши барып, экөө спирт ичимдиктерин ичишкен. Саат 04:00гө чейин соттолуучунун аялы видеону алууга аракет кылган. Бирок Эркин видеону берген эмес. Самара саат 06:00 чамасында күйөөсүнө билдирүү жиберип, аны алып кетүүсүн айткан. Андан кийин анын күйөөсү келип, Эркинди ойготуп, экөөнүн ортосунда мушташ чыккан. Окуяда кийин Самаранын күйөөсү кетип калган. Ал эми, анын аялы курбусу экөө жабырлануучуну ооруканага жеткирүү үчүн калышкан. Анын күйөөсү жалгыз келген жана Эркиндин акчасын алган эмес.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу Эркиндин баш мээсинен, бетинен, башынан жана моюн омурткасынан жаракат алган деп чыгарылган. Жыйынтыгында төрагалык кылуучу сот тарабынан Азамат күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратуу менен мамлекетке 5 миң сом айып төгүүгө милдеттендирилди. Отурумдун аягында судья жазаны 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу белгилөө өкүмүн окуду.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости