www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсеп палатасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда 13 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу болгонун аныктап чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Маалыматта фондду башкаруу дирекциясынын 2016-жылдагы иши боюнча аудит жүргүзүлгөнү, акчаны өздөштүрүүдө ачыктык камсыздалбай, жергиликтүү тургундардын пикири эске алынбаганы айтылат.

13 миллиондун ичинен 900 миң сом айлык иретинде мыйзамсыз төлөнүп берилгени, 12 миллиону курулуш иштеринин баасын көбөйтүп көрсөтүүгө кеткени аныкталды.

Дебитордук карызды төлөөдө, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө да мыйзам бузуулар болгону айтылууда.

Фонддун бюджети Кумтөр алтын кенинин кирешесинин 1 пайызынан куралат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости