www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыска аралыкта дүбүртү катуу чыккан «Элдик парламент» коомдук бирикмесинин беш мүчөсү камалып, соттолушканына эки жылдай убакыт өттү. Учурда Молдовановка айылын-дагы №27 колонияда жазасын өтөп жаткан белгилүү саясый ишмер Бекболот Талгарбеков менен адвокаты аркылуу маек курдук.

Бекболот мырза, сиз жана сиз баштаган “Элдик парламенттин» мүчөлөрү кандай жагдайда, эмне себептен камалганыңарды эске салып кетсеңиз?

- Биздин бирикме 2016-жылдын 12-апрелинде түзүлгөн. Анын катарына бийликтин да, оппозициянын да адамдары кирген эмес. Биздин максат өлкөдөгү курч маселелерди талкуулоо болчу. Алгач үч маселе көтөрүлдү, алар: президент Алмазбек Атамбаевдин отчету жана анын отставкасы, каргашалуу июнь (2010-ж.) окуяларын жана айрым аткаминерлердин иштерин иликтөө. Бул маселелер агездеги өлкөнү сызга отургузган, коррупцияга кокосунан баткан бийликти оор санаага чулгап, жүрөгүн түшүрүп салды. Атамбаев дилемада калды: же анын отставкасы же шылтоо таап бизди камоо. Экинчи жол тандалып, ошол кездеги УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевдин демилгеси менен бешөөбүздү камашты.

- Кандай күнөөлөр коюлган?

- Өткөн кылымдын 37-жылындагы саясый куугунтуктун толук көчүрмөсү. Бешөөбүздү каралап, соттоо максатында УКМКнын 17 кызматкеринен турган атайын тергөө группасы түзүлдү, жетекчилери жана Ак үйдөгү кураторлорун кошкондо 50-60 адам эки-үч ай талыкпай иштешти. КТР, бийликтин ондогон бакма маалымат булактары тынбай башыбызга жугунду куюп турушту. «Далилдери»-УКМКсексотунун «мага Талгарбеков бийликти күч менен басып алууну айткан» деген бир ооз жалаа арызы жана өздөрү даярдаган жасалма материалдар. «Бийликти күч колдонуп басып алышмак» деген Сегизбаевдин конторасы бизден боевиктер тобу, курал-жарак, акча жана башка каражаттар түгүл, бир рогатка же союл таппады. Аргасы түгөнүп, бизди чампалап соттоо үчүн 65 күбө даярдашты. Бирок, коюлган күнөөлөр жалган экенин билип, коомчулуктан кылмышын жашыруу максатында УКМК соттук териштирүүнү жабык өткөрүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарды.

- Сот, прокурорлордун иш-аракеттери кандай болду?

- Соттук териштирүүдө УКМК даярдаган материалдар, телефон сүйлөшүүлөр жасалма, бурмаланган экени далилденди. Сотко келген алтымыш беш күбөнүн алтымыш төртөө биздин мыйзам чегинде гана иштегенибизди, эч кандай бийликти басып алуу максат болбогонун толук далилдеп беришти. Алардын ичинде жыйырмадай адам мурдагы спикер, өкмөт башчы, ЖК депутаттары, министр, губернаторлор, дагы жыйырмадай адам генерал, полковниктер, илимпоздор, калганы дарыгерлер, мугалим, ишкерлер. Бирок, соттор М.Термечиков, А.Момуналиев, прокурорлор алардын баарын «келжиректер» деген бүтүмгө келишти. Сот, прокурорлордуң ишенимине УКМК сексоту гана ээ болду, анын «баалуу» көрсөтмөсү сот чечимин негизин түздү. Жыйынтыгы - Төрөбай Колубаев экөөбүз 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга кесилдик. Ал эми Тойгонбек Калматов, Александр Гусев алты жана беш жылга шарттуу жаза алышты.

- Сот чечимин кандай кабыл алдыңыздар?

- Депутат Жанар Акаев таамай белгилегендей, Атамбаев бийлиги акыркы төрт-беш жылда мамлекеттик ири кылмыштуу банда түзгөн. Ага УКМК, сот, прокуратура жана башка күч түзүмдөрүндөгү «өз адамдар» кирген. Ал банда өз өлкөсүнүн канын соргон былык коррупция иштерин жабуу үчүн чындыкты айткандарды жалган жалаа менен камап, ал былыктар четинен ачыктала баштады. Биздин пикирде, азырынча президент Сооронбай Жээнбеков коррупция казанынын капкагын эле ачты. Алдыда узак жана оор тазалоо иштери турат. Бизди да ошол кылмыштуу банда соттоду.

- Сиздер камалганда агездеги президент Атамбаев: «Булардын артында орус генералдары турат. Алар кыргыз элине жакшылык каалашпайт» деген билдирүү жасаган эле...

- Ооба, Россиянын айрым генералдары менен биз тыгыз байланышта болгонбуз. Бирок, алар Кыргызстандын мурдагы жаранары, анык мекенчил адамдар. Мисалы, алар ошол кездеги кыргыз-орус өкмөт мамилесиндеги коррупция иштерин билишкен. Эки жыл мурда Атамбаевдин досу, Россия бажы кызматынын жетекчиси А.Бельяниновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши - биздин Россиядагы достордун эмгеги. Биз генерал Бахтияр Алиев менен байланышканыбыз үчүн сыймыктанабыз. Ал кыргыздын тунгуч генералы Эргеш Алиевдин небереси жана кыргыз элине, жерине чын дилинен күйгөн мамлекеттик ишмер.

- Азыркы абалыңыз, алдыдагы кадамдар тууралуу да айта кетсеңиз?

- Мамлекеттик кылмыштуу банда бизди армансыз эле кордошту. Үй-бүлө, туугандарыбыз далай азап чегишти. Биз колонияга келгенде да карасанатай иштерин улантышып, беш айдан бери мыйзамсыз жабык камерада, шарты начар абалда кармап келишүүдө. Бирок, мамлекеттик банда биздин эркги, кайратыбызды майтара алышпады. Кызыгы, бизди камап, соттогон банда мүчөлөрү бизде эч күнөө жоктугун сонун билишет. Ал гана эмес, биз толук акталарыбыздан да күмөн санашпайт. Болгон айырма - алар бизди «реабилитация болгуча түрмөдө ооруп-чирип, өлүп калышаар» деген үмүттө болушкан. Бирок, алардын үмүтү ташкапмай болду, Себеби заман, саясый кырдаал өзгөрө баштады. Учурда биз саясый куугунтуктарды кайра карап чыгуу боюнча түзүлгөн комиссияга ишенип турабыз. Эгер ал акыйкат иш алып барса, анда биз толук акталып, ал эми Сегизбаев, Жолдубаева, Термечиков, Момуналиев жана башка банда мүчөлөрү узак жылдарга соттолоору күмөн туудурбайт. Ал эми алар сотто баардык күнөөлөрдү өздөрүнө гана алышабы же буйрук берген, мажбурлаган көмүскөдөгү ири арамзанын атын да ачыкташабы - бул келечектеги иш.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: АЗИЯnews

Последние новости