www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сөз эркиндигин коргоо комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевди журналист Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тарткан өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдон үлгү алууга чакырды. Мындай билдирүүнү уюм бүгүн таратты. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.
Анда Алмазбек Атамбаев тарыхта жана коомдун аң-сезиминде жакшы адам катары калгысы келсе, анда журналисттер Нарын Айып, Дина Маслова, Дайырбек Орунбековго, укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата доосунан баш тартышы керектиги жазылган.
17-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тарткан. Былтыр сентябрда 24.kg сайтына Кабай Карабековдун «Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат» деген макаласы чыккан. Ошол кезде президенттикке талапкер болуп турган Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы «ушак жана жалган жалаа» деп сотко кайрылып, моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигинин ар биринен беш миллион сомдон өндүрүүнү өтүнгөн. Кийин үч баскычтагы сот тең Сооронбай Жээнбековдун доосун канааттандырган.
Башкы прокуратура былтыр журналисттер Нарын Айыпты, Дина Маслованы жана «Zanoza.kg» сайтын «Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди» деген негизде сотко берип, жалпысынан 27 миллион сомдук доого жыккан. Сот бул сумманын 15 миллионун сайт, 9 миллионун Нарын Айып жана 3 миллионун Дина Маслова төлөп бериши керек деген чечим кабыл алган. Ушундай эле айыптоо менен «Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, «Ата Мекен» партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган, деп жазат Борбор Азия жаңылыктар кызматы.
Булак: NazarNews.kg