www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектеп окуучуларынын арасында болуп жаткан рэкетчилик көрүнүштөрүнө каршы канткенде натыйжалуу каршы турууга болот? Албетте, бул ишке ошол окуучулардын өздөрүн катыштыруу аркылуу гана. Ушундай максат менен Жалал-Абад шаарынын жаштар комитети окуучулар арасында рэкетчиликке каршы мазмундагы видео-роликтерге сынак жарыялаган. Эми анын жйынтыгы чыгарылып, Жалал-Абад шаарындагы Бекмамат Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары даярдаган видео-ролик женүүчү деп табылды. Бул тууралу Жалал-Абад шаарынын жаштар комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев билдирди.

Анын айтымында, окуучуларды коомдо болуп жаткан ушундай терс көрүнүштөрдөн өспүрүмдөрдү алыстатуу багытындагы даярдап келген видео-тасмалары калыстар тобунун назарына коюлду.

-Тасмаларда терс көрүнүштөрдүн келип чыгышы, аларды жаап-жашыруунун кесепеттери жана аларга каршы туруу зарылдыгы көрсөтүлдү. Катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар, дипломдор жана акчалай сыйлык каралган. Максатыбыз өспүрүмдөр арасында рекетчиликтин алдын алуу жана аны болтурбоо.

Б. Ташбаев кошумчалагандай, сынакка Жалал-Абад шаарындагы 18 мектеп катышкан. Эми жеңүүчү деп табылган мектеп окуучулары менен биргеликте кылмыштуулукка каршы жаңы тасма тартылып, мектептер арасында коюлмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости