www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13 жашар кызды зордуктоого шектелген жаран акталды

Жогорку сот 13 жашар кызды зордуктоого айыпталган жаранды актады. Бул тууралуу кыздын апасы журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Жогорку сот мурдагы инстанциялардын чечимин колдоп күчүндө калтырды.

Мурда белгилүү болгондой, экспертизалар дагы, күбөлөр дагы зордуктоо болгондугун тастыктаган эмес. Бирок кыздын апасы буга макул болбой, мыйзам бузулгандыгын айтып, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, судья Эрнис уулу Айбекти кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылаарын билдирген.

Эскерте кетсек, депутат Айсулуу Мамашова  4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында  Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы кызды зордуктаган жаранды актап койгондугун билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости