www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ: Кыргызстанда бир жумада беш киши сууга чөгүп кетти

Кыргызстанда өткөн жумада беш киши сууга чөгүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.

Анын айтымында, 9-августта Кемин районундагы көлмөгө 15 жаштагы бала чөгүп кеткен. Аны издөөгө төрт куткаруучу тартылып, бирок майнап чыккан эмес. Ошол эле күнү Лебединовка айылында дагы 15 жаштагы бала сууга түшүп кетип, сөөгү эки күндөн кийин табылган. Бул күнү дагы бир кайгылуу окуя катталып, Кара-Суу районунда 7 жаштагы бала чөгүп кеткен.

"Ага чейин Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда 26 жаштагы кишинин сөөгү табылган. 7-августта да Чүй дарыясына жети жаштагы бала түшүп кеткен, эмдигиче табыла элек", — деди Шерипова.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда 54 киши чөгүп кетсе, анын 35и жайында катталган. Мекеме былтыр мындай окуялар көбүрөөк болгонун белгиледи. Тагыраагы, 2019-жылы ушул убакта 122 киши сууга түшүп кетсе, анын 96сы жайкы мезгилге туура келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости