www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот 13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган үч кишиге чыккан Ысык-Көл облустук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун соту быйыл март айында К.Ж. жана С.Эни Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүгү ("Зордуктоо") менен күнөөлүү деп тапкан. Алардын ар бири 15 жылга эркинен ажыратылып, жабырлануучуга 100 миң сомдон моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Үчүнчү айыпталуучу К.У. Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-2-пункту жана ушул эле берененин 3-бөлүгүнүн негизинде 20 жылга соттолгон. Соттун өкүмүнө ылайык, ал дагы жабырлануучуга 100 миң сом моралдык зыян төлөп бериши керек.

Бирок айыпталуучулар облустук соттун бул чечимине каршы Жогорку сотко доо арыз менен кайрылган.

Бул иш алгач 2020-жылы 11-декабрда Тоң райондук сотунда каралган. Кыздын жакындары “судья Сабыр Содонбеков кылмышка шектүү үч кишинин экөөнү актап, үчүнчүсүнүн жазасын жеңилдеткен чечим чыгарды” деп нааразы болушкан.

Жакындарынын айтымында, кызды үч киши көптөн бери зордуктап жүргөн. Кылмыш тууралуу алар кыз кош бойлуу болуп калганда гана билишкен.

Адвокат Айнура Асанованын «Азаттык» радиосуна билдиргени боюнча, 45 жаштагы Урмат аттуу адамдын айыбын райондук сот жеңилдетип, ага карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишин «Жашы жете электерге карата жыныстык аракет» беренесине которуп, 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Жолдошбек жана Эржан аттуу адамдар «иштин курамында кылмыш жок» деген жүйө менен акталган.

Тоң райондук сотунун чечими коомчулуктун сын пикирин жаратып, жарандык активисттер шектүүлөрдүн жазасын жеңилдеткен судьяга кызматтык иликтөө жүрүшүн талап кылышкан. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн

Булак: NazarNews.kg

Последние новости