www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израил тери буюмдарын өндүрүүгө, сатууга тыюу салды

Тиешелүү документке өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо министри Гила Гимлиэль кол койду. Бул тууралуу The Jerusalem Post басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ушундай жол менен Израил аң терилеринен тигилген кийимдер менен алардан жасалган буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды.

«Бул тыюу 2021-жылдын декабрь айынан баштап, күчүнө кирет. Аны бузгангандарга 75 миң шекел же 22 320 АКШ доллары өлчөмүндө айып пул салынат же болбосо бир жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок ошол эле кезде Израилде аң терилери мурдагыдай эле илимий изилдөө иштеринде жана диний жөрөлгөлөрдө колдонула берет»,-деп берилет маалыматта.

Баалуу аң терилери — суусар, норка, ондатыра, кундуз сыяктуу жаныбарлардын терисинен ичиктерди, тумактарды тигүү өндүрүшү бир учурда абдан популярдуу жана кирешелүү тармак болуп келген.

Эскерте кетсек, Израилдеги жаныбарларды коргоочулар аң-терилерине тыйуу салуу демилгесин 2009-жылдан бери көтөрүп келишкен. Сурамжылоолордо калктын 86 пайызы бул демилгени колдой турганы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости