www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда акыркы эки жылдын ичинде акимдер 120 миңден ашык гектар жер тилкесин менчиктеп алышкан же башкаларга мыйзамсыз беришкен. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокуратурасынын орун басары Шавкатжон Рахимов 10-июндагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эки жылдын ичинде прокуратура акимдердин жерге байланышкан 7 500дөн ашык чечими боюнча доо арыз берген.

«Административдик соттор район акимдеринин жерге байланышкан 2500дөн ашык чечимин жокко чыгарышты. Жер мыйзамдары боюнча 588 кишиге кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө», — деди Рахимов.

8-июнда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Жер сатуу жана жер бөлүү системасын системасын реформалоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Айрым талдоочулар бул жарлыкты «талаштуу» деп атап, ал жер саткан аткаминерлердин ишин мындан да жеңилдетиши мүмкүн экенин белгилешкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости