www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облустук соту өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка барган Токтогул районунун тургунун сегиз жылга эркинен ажыратты. Мындай чечим 22-июнда кабыл алынганын облустук "Адилет" укук коргоо уюму билдирди.
Маалыматка караганда, облустук сот 26 жаштагы айыпталуучу М.А.ны Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (16 жашка чыга элек өспүрүм менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Сот ошондой эле соттолуучу адамдан 184 500 сом материалдык чыгым (транспорттук чыгымдар, экспертизалар, эксперттик кызмат ж.б.) жана 100 миң сом моралдык зыян өндүрүү чечимин чыгарган.
26 жаштагы М.А. 13 жаштагы О.Ш. аттуу кыз менен 2022-жылдын апрель айында таанышкан. Соттолуучу жаран өспүрүм кызга жылуу мамиле кылып аны тоого алып барып келген. Ал май-июнь айларынын аралыгында жашы жете кыз менен үч жолу жыныстык катнашка болгон. Биринчи жолу бул окуя кыздын үйүндө болгон. Айыпталуучу чоңдордун үйдө жоктугунан пайдаланып кыз менен жыныстык катнашка барган.
Ал эми 2022-жылдын июль айынын ортосунда М.А. 13 жашар О.Ш.ны белгисиз тарапка алып кеткен. Кыздын жакындары милицияга кайрылышкан. Укук коргоо кызматкерлери аларды төрт күндөн кийин Бишкектен табышкан. Дал ушал окуядан кийин алардын ортосунда жыныстык катнаш болгону аныкталган. Ал эми айыпталуучу жашы жете элек кыз экөө бири-бири "сүйө" турганын айткан.
Тергөөнүн жүрүшүндө М.А. О.Ш. болгону 13 жашта экенин билген эместигин айткан. Кийинчерээк бул жөн гана кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн жасалган аракет экени белгилүү болгон.
Жактоочу Равшан Абдуллаев белгилегендей, соттолуучу акыркы учурга чейин кылган ишин мойнуна алган эмес.
"Сот айыпталуучуга эң минималдуу мөөнөт менен жаза дайындады. Эгер соттолуучу өз кылганына өкүнсө, бул жазаны жеңилдетүүчү жагдай катары каралышы мүмкүн, бирок ал кылмышка катыштыгы жок экенин акырына чейин айткандыктан, эң көп мөөнөт, тактап айтканда, 10 жыл берилиши мүмкүн болчу.
Кыйноолорду жана башка иштерди канчалык карабайлы, көбүнчө судьялар материалдык зыян менен моралдык зыянды өзүнчө жарандык сот өндүрүшүнө бөлүп коюшат, ага өз учурунда бюрократия камтылат. Ал эми бул жерде судья бул бюрократиялык тоскоолдуктардын баарына жол берген жок, муну менен бизди таң калтырды.
Андан сырткары айыпталуучунун жакындары кыздын ата-энеси менен сүйлөшүп, 13 жашар кызга сөйкө салууга аракет кылышкан", - дейт ал.
Соттун өкүмүнө ылайык, М.А. сегиз жылды камакта өткөрүшү керек.
Булак: NazarNews.kg