www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зордукталган 13 жаштагы кызды суракка алууда социалдык кызматкерлер жана психолог катышкан эмес. Бул тууралуу укук коргоочу Мээрим Осмоналиева билдирди.

Анын айтымында, жашы жете элек кыз менен болгон окуяны «Оазис Кыргызстан» кайрымдуулук уюму өз көзөмөлүнө алды.

«Тергөөчүлөр тарабынан алынган кыздын бардык көрсөтмөлөрүн сурак учурунда психолог менен социалдык кызматкерлердин жоктугуна байланыштуу толук эмес деп табылышы керек. Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында ата-энесинин, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын катышуусу жок кызды эки саат бою суракка алышкан. Кызга психологиялык басым жасалган. Тергөөчү жабырлануучунун ата-энесине кылмыш ишин козгоо, шектүүгө айып коюу жана кылмыш ишин сотко жөнөтүү боюнча токтомду бере элек. Ошондой эле тергөө, сурак учурунда кызга жана анын үй-бүлөсүнө тергөөчүлөр, укук коргоо органдары келтирген моралдык зыянды баалайбыз дейт», - деп белгилейт Мээрим Осмоналиева.

Укук коргоочу жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза ишеничтүү эмес жана ишти бардык стандарттарга ылайык, психолог/психотерапевт, социалдык кызматкер, тажрыйбалуу юристтин катышуусунда кайра кароону талап кылат деп эсептейт.

Эске салсак, социалдык тармактарда алгач 13 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу маалымат тараган. Андан соң бул кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана бир жаран кармалган. Жабырлануучунун атасы мамлекеттик психолог кызына эч кандай жардам бербегенин, ага мугалимдер кысым көрсөтүп жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости