www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл Байтик баатырдын байтактуу жылы. Эмнегедир «дүжүр чалдар» Байтикке көп маани бербей жаткан сымал. Байтиктин мааракесин чампалап, эптеп өткөрүп салууну көздөгөндөр бар. Эмне үчүн алар Байтик баатырдан жийиркенишет? Байтик баатырдан жийиркенмек түгүл, аны убагында чоң аталары бутун өбө алган эмес. Байтик Жангарачтан солтону башкаруу бийлиги колго тийген соң эң биринчилерден болуп Бишкектин башкарып турган сарт Рахматуллонун башын алган. Ошол үчүн сарттардын көбү Байтикти көрөйүн деген көздөрү жок. Байтик Күнтууну Казарманга чейин айдап жиберген. Ошон үчүн кээ бир солтолор көргүсү келбейт. Дагы бир окуяны айтып берейин. 1867 –жылы Кытайдан Үмөталы да келет. Байтик Солтону бийлеп калган мезгил, сарбагыш Надырбектин тукуму Апар апабызды алганы Кочкорго келип калат. Байтик сартка окшош анан токолдун баласы болгондуктан, Жангарач агалары, чоң тең ата манаптар «сарткул» деп коюшчу экен. Байтик Ормон уулу Үмөталыны теңсинбей чакыртпай койот, Үмөталы Байтиктин күйөөлөп келгенин угуп, ал отурган өргөөгө барат.
-Ии «сарткул» келген экенсиң кыз аңдып, сени көргөндөр байкабай сарт кул экен деп, өлтүрүп салбасын. –дейт Үмөталы жөн сүйлөбөй.
-Мен го «сарткул» болгонум үчүн Рахманкул сарттын башын Бишкек чебинен алдым. А сен ушул кезге чейин өз атаңдын кунун ала албай эмне жүрөсүң? – деп Ормон хандын кунун алалбай калган Үмөталыны Байтик каптап чыгат. Үмөталы эшикке шарт бурулуп чыгып кетип, сарбагыштар менен күйөөлөп келген Байтикти чаап салгысы келет. Ал кезде Шамен Мекеге зыярат кылып, мусулмандык парызын жасап, каабанын кара ташын өөп келген убагы экен. Жамы журт аны «ажы» дешпей эле көнүп алган адети боюнча «баатыр» атагы менен атап калышкан. Далайга көндүм болуп башы бышкан Шамен баатыр кокус Байтикти мандем кылса, солто эли тынч жатпасын түшүнөт. Шамен баштаган сарбагыштын аксакалдары бир тууган бугу менен да чабышсак, эми солто менен чабышабызбы деп, Үмөталы баштаган сарбагыштарды тыйып, Байтик менен Апарды каада менен узатып жибериптир. Апар кийин эл оозуна алынган кыйын чыккан.
Байтиктин көзү өткөн соң Апар апа чоң билерман болуп, Керкашкага ишенип Байтиктин мурунку аялынан уулу Байсал экөө Байтиктин баш байгесине бүт солтонун малын сайып жиберишкен. Бирок, казактардын күлүгү келгенде, алардын күлүгү Керкашкадан солтонун бүт малын алып кетерин түшүнүшөт. Казактардан келген Миңкой башкалардан алда канча көрүнүктүү алдына киши салчудай эмес. Солтонун сакалдуулар кеңешип бул саяпкерди тыңдай баштайт. Ошол үчүн казактар алынган үйгө өтө тың, кыраакы баланы коюшат. Бала конокко суу куюп берип жатып, саяпкердин ар бир сөзүн тыңдоону буюрат. Ал бала ошол үйдүн ээсине жана анын аялына, коноктордун көзүнчө мага сөз айта турган болсоңор, алыстан айтпай, кийимимди тартып коюп, мен карап калганда, колуңар менен жаңдап жумша деп саяпкердин тапшырганын айтат. Эртең ат чабылат деген түнү Миңкойдун ээси казактар менен үйгө киришип, жайланып отурганда, ал бала отун-суусун, бышыра турган бөйрөк-шыйрактарын алып, колтугуна кысып кирип келет. Оттуу жагып, шишке шыйрак сайып куйкалап, бөйрөктүн капталына куурай сайып, өзү менен алектей. Андай мындай кепти тыңшабайт, олтургандарды карап да койбойт.
Меймандар арасында кеп башталып казактын саяпкери Нүрпейіс сөз баштайт:
-Аллах разы болсо, осы байге өзүмүздікі. –деп. Миңкойдун ээси Койшыгара:
-Керкаскачы? –дейт.
-Усы Керкасканын үш ак кемшилиги бар гой, аны алып тастамаса, бас байге өзүмүздүкү, Мыңкойдуку гой.-дейт.
-Анысы калай экен? -дешет. Саяпкер Нүрпейіс балага карайт, аны тезек менен урушса да эч нерсени сезбей отура берет. Бир сакоо бала экен дешип көңүл бурушпайт.
-Керкаска осы көп саутуп жүрүп, кишкене тасыркап калган жагдайы бар. Керкаска үлкөн арыс керип келатканда, тастак жерлерден, не катты жерлердин аягы ауруп, секин басыгын азайтат. Сонысын алып тастау оңой гой. Курш баки мен аттын таманын ийделеп, өсүп кеткен туяктарын кесип тастау керек.
-Энди экиншиси калай? –дейт Койшыгара.
-Экиншиси былай Керкасканын жумуруның басында бир каты каткан кумалак бар. Ол түспей, ат көп алыска шуркай алмас. Ат каты шуркап келатканда, сол кумалак өйкөп Керкас-ка орыксып жүрүшүн басаңдатат. Соны алып тастас кыйын эмес, атты кийиз менен орап думбалап катты желдирип, текирең-таскак мен жүрүп отыр, аттын дени кызып, тер шыккан уакта, бурып койсо, кумалак ыргып чыгып кетет . –дейт.
- Ұшіншиси мындай. Анысы үлкөн аур нерсе болгандыктан муну жазау, түзеу колунан келбейт Керкасканын бир тери калыптыр. Муну кантип шыгарат билбейм, арийне, булар болмаса Керкаска учкан кустай зымырап байгени бербейт.
Мунун барын уккан жанагы бала саяпкер менен Байсалга жеткирет. Саяпкер бул кемчилик-терди жойот:
1. Керкашканын ичеги- карынында бир кумалак тыгылган бойдон калыптыр, муну жоготуш үчүн Керкашканы чаптырып барып чукул бурса кумалак ыргып кетет.
2. Керкашканын туягында эт өсүп кетиптир, бул таштак жолдо кыйнап койбосун деп, кестик менен туягын тазалап койот.
3. Керкашканын бир тери калыптыр, муну бир тердетип таң ашырса, Керкашка эч кимге байгени бербесин тыңдап, убакыттын аздыгынан Керкашканы боз үй ичинде отту алоолонтуп, жагып таң ашырган дешет. Керкашкага учкан куш да жетпейт.
Ат чабыш башталар алдында Апар апа Байтиктин уулу Байсалдан сурайт: «Канча күлүк чаптырган жатасыңар?» -деп, «Беш жүз» -дейт Байсал, «Бирин алып салгыла төрт жүз токсон тогуз болсун, Байтиктин ашында төрт жүз токсон тогуз ат байгеге чабылган деп ооз толумдуу айтылат» - дейт. Апар апанын кийлигишүүсү менен табына келген Керкашка байгеде биринчи келип, бүт солтонун малын казактардан сактап калган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg